Пример HTML-страницы

Баткенде эт дүкөндөр жабылып, сатуучулар жумушун ташташты

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында жана Баткен районунда эт дүкөндөр жабылып, сатуучулар жумушун ташташты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен шаарындагы эт дүкөндөр 2 күндөн бери жабык. Ага касапканалар, мал союучу жайлар бааны кымбаттатканы себеп болууда.

Мындан улам кечээ, 22-майдан тарта эт саткандар иш ташташты. Алар алдыда дагы бир жума жумушка чыкпай турганын билдиришүүдө. Муну менен катар бүгүн, 23-майда Баткен районунда да эт дүкөндөр жабылды.

Ал эми шаардагы кафелердин ээлери жана тургундар башка район-шаарлардан жана Ош шаарынан эт алдырып жатканын айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE