Пример HTML-страницы

Баткенде өрттөлүп, талкаланган үйлөр түрттүрүлүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Баткен районунда талкаланган үйлөр түрттүрүлүп жатат. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Кечээ, 1-октябрда аким Учкунбек Жоробаев, УКМК Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы, «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын директору, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, №2022 аскер бөлүгүнүн командири жана Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы, тийиштүү жетекчилер чек ара чегинде кыйраган үйлөрдү атайын техникалар менен түрттүрүп, курулуш иштерин башташты. Учурда Кара-Бак айылында тазалоо, сүрдүрүү иштери кызуу жүрүүдө.

ӨКМдин маалыматы боюнча, Баткен районунда 320дан ашуун турак жай жашоого жараксыз деп табылып, 120дан ашууну калыбына келтирүү керектиги айтылды. Ошондой эле 7 мектеп, 5 бала бакча, 2 ФАП, 320 чарбалык курулуш жана 145 турмуш-тиричилик обьектилери талкаланган.

«Үйлөр, социалдык объектилер кыска мөөнөттүн ичинде бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет», — деп айтылат маалыматта.

——————————————

Акыркы маалыматтар боюнча, чек арадагы куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 62 адамга жетти, алардын арасында жаш балдар да бар. Жабыркагандардын жалпы саны — 198 адам. Алардын көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.

      • Каза болгон жарандардын алдын ала тизмеси бул шилтемеде.

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан ок атылып баштаган. 17-сентябрга чейин абал чыңалган деп бааланды. Тажик тарап чек ара тилкелеринде ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууларга карабай, ок атууну токтоткон эмес.

Баткен облусунда 136 миң 770 адам үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга эвакуация болууга мажбур болушту.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап оор техникаларды — танк, «БТР», «БМП» жана минометторду колдонгонун билдирген.

«Кыргызстандын аймагына болгон куралдуу кол салууга сакалчан, кайсы бир аскердик бөлүккө таандык белгиси жок, кара түстөгү аскердик кийим кийген, сыртынан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсүндөй (жалданма жан кечти) көрүнгөн эркек кишилер аралашты», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Тажикстан Баткен облусуна гана эмес, Ош облусуна да кол салды.

18-сентябрда гана абал турукташты.

Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун инфратүзүмү талкаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE