Пример HTML-страницы

Баткенде өрүктүн баасы кескин төмөндөдү. Себеби эмнеде?

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун аймагында өрүктүн килограммы 25 сомдон 30 сомго чейин сатылып жатат.

Өрүккө болгон баанын төмөндөшүн дыйкандар кошуна Өзбекстан менен байланыштырып жатышат.

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн тургуну Уланбек Кожоев буларга токтолду.

«Биринчиден, быйыл өткөн жылга салыштырмалуу өрүктүн түшүмдүүлүгү мол болду. Экинчиден кошуна Өзбекстандын өрүктөрү Кыргызстан аркылуу чет өлкөгө экспорттолуп жатат. Өзбекстанда бизге салыштырмалуу 5-10 сомго арзан сатылып жатат. Андыктан өрүккө болгон баа кескин төмөндөп кетти. Башында 50 сомго чейин сатылып жаткан», — деди ал.

Майдын орто ченинде облуста климаты эң жылуу келген Кадамжайдын Кайтпас айылында өрүктүн эрте бышчу «майский» сорту дүңүнөн 50 сомдон 100 сомго чейин сатылган болчу.

Өрүктүн эрте бышчу сорту кургатууга болбойт. Жыл сайын өрүктүн мындай түрү Казакстан, Россия, Америкага чейин экспорттолот.

Райондо 7000 гектар аянтта өрүк дарактары бар. Андан жылына 60 миң тоннадай түшүм алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE