Пример HTML-страницы

Баткен шаарында кайненелер менен келиндердин сынагы өттү (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында «Кайнене-келин» сынагы өттү. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын аялдар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Уулкан Дүйшеева билдирди.

Анын айтымында, мелдешке жалпысынан 15 кайнене, 15 келин катышып, ар бир кайнене өз келини менен бир команда болгон.

«Программанын алкагында катышуучулар буга чейин окуу үчүн жарыяланган «Мусулман үй -бүлө» китебинен тест тапшырып, 10 мүнөттүн ичинде кайнене менен келин биргеликте салат жасап беришти.

Андан сырткары Мухаммад пайгамбардын сүннөт амалдарын кагазга тизмектеп жазышты. Иш-чаранын негизги максаты кайнене менен келиндердин ортосундагы мамилени, ынтымакты чыңдоо жана китеп окууга кызыгуусун арттыруу болуп саналат», — деди ал.

Мелдеште 1-орунду Мариповдордун үй-бүлөсү алса, 2-орунду Жунусовдордун, 3- орунду Кудайбердиевдердин үй-бүлөсү ээледи. Жеңүүчүлөргө, жалпы эле бардык катышуучуларга кызыктыруучу белектер жана казыят тарабынан ыраазычылык баракчалар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE