Пример HTML-страницы

Баткен окуясынын баатырларынын элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык турнир өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Баткен окуясынын баатырлары Жаныбай уулу Тилек, Акчалов Чынгыз жана Рамазан Бактияр уулунун жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык турнир болуп өттү.

Турнирге Кыргызстан жана Казакстандан 277 өспүрүм балбан катышты. Жайыл районунан улук машыктыруучу Руслан Атакеевдин жетекчилиги астында 12 спортчу катышып, төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишти:

— 51 килограмм салмак чен бирдигинде Анас Жапаркулов 1-орун;

— 51 килограмм салмак чен бирдигинде Ырыскелди Абдырашитов 3-орун;

— 71 килограмм салмак чен бирдигинде Бекзат Болотов 3-орун.

Олжолуу орунга ээ болгондор Кыргыз Республикасынын жаштар арасындагы күрөш лигасынын эстелик медалдары, дипломдору жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE