Пример HTML-страницы

Ат-башылык Дастан Кубатбеков самбо боюнча эл аралык турнирде 3-орунду алды

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-башылык Дастан Кубатбеков 14-15-май күндөрү Бишкекте өткөн самбо боюнча турнирден ийгиликтүү келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Дзюдочу жана самбочу Бекболот Рахатбековдун жаркын элесине арналган 9-турнирге 400 балбан катышты. Балбандар Казакстан жана Россиядан дагы келишкен. Мында Дастан Кубатбеков 18 жаштагылар арасында 79 салмакта 3-орунду ээледи.

«Жыл сайын өтүп турчу. Эки жылдан бери карантин болуп өтпөй жаткан. Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу эл аралык деңгээлде өттү. Ат-Башыдан экөөбүз бардык», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE