Пример HTML-страницы

Ат-Башыдан 38 жоокер барып, экөө баатырларча курман болгон

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 15-февралда Ооган жергесинен советтик жоокерлердин чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы жана анда курман болгондорду эскерүү митинги белгиленди.

Ага район жетекчилери, Чек ара кызматынын өкүлдөрү, Ооган ардагерлери, аскер кызматкерлери жана район тургундары катышты.

Митинг алгач Ооган ардагерлери, мектеп окуучуларынын жөө жүрүшү менен башталды. Эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, курман болгон жоокерлерге куран окулган соң, эскерүү орун алды.

Эскерүү митинги маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган даңктоо ырлары менен жыйынтыкталды.

Ат-Башы районунан Ооганга 38 жаран чакырылган. Эки жоокер ошол жерде баатырларча курман болушса, үч жоокер мекенине кайтып келгенден кийин каза болушкан.

Бүгүнкү күндө Ат-Башы районунда 20 Ооган ардагери бар. Алардын бири —Казыбек айылынын кулуну Нааматбек Үсөналиев «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйланган. Айылындагы орто мектепке ысымы берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE