Turmush — Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында жайгашкан Мамбетказы Молдалиев көчөсүнүн жолу жаан жааганда, ылайдан улам адам баса алгыс абалга кептелет. Жергиликтүү тургундар бул көйгөйдү бийлик өкүлдөрүнүн чечип берүүсүн өтүнүшөт.
«Биздин көчөнү караган адам бар же жоктугун билбей жатабыз. Жок дегенде шагыл түшүрүп беришсе жакшы болмок. Канча жылдан бери эле ушул жолдун абалы боюнча айтып келе жатабыз. Жаныбыздагы Аман Иманбердиев көчөсүнүн абалы жакшы алдай-кайда жакшы», — дейт айыл тургуну Назгүл Сулайманова.
Көчөнүн учурдагы абалы, маселени чечүү жолдору боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Азим Алиев көчөлөргө шагыл түшүрүүгө акча бөлүнгөндүгүн билдирди.
«Айыл ичиндеги көчөлөргө шагыл төгүп, оңдоп-түзөө жумуштарын буга чейин эле Ат-Башы айыл өкмөтүнүн астында түзүлгөн көрктүү аймак муниципалдык ишканасы жүргүзөт. Быйылкы бюджеттен жалпы шагыл түшүрүүгө 200 миң сом акча каражаты каралган. Шагылды түзөө үчүн атайын техника жалдоого жалпы 250 миң сом каралып, 2022-жылдын 26-сентябрында көрктүү аймак муниципалдык ишканасына акчаны которуп бергенбиз. Алар октябрь ичи шагыл түшүрүү иштерин баштамак. Бирок техникалары бузулуп, оңдоп жатышкандыгын айтышты. Ошол жумуштары бүтсө эле, жолго шагыл төгүү жумуштары башталат», — деди ал.