Пример HTML-страницы

Ат-Башыдагы эпидемиологдун жардамчысы Э.Сыдыкова кургак учуктун кесепеттерин айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushКургак учук — аба аркылуу жугуучу жугуштуу оору. Бул оорунун кɵп учурларында ɵпкɵ жабыркайт. Ар бир адам кургак учук оорусу менен ооруп калышы мүмкүн. Ат-Башы районунда 2021-жылга 21 учур катталган. Ат-Башы райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун эпидемиологунун жардамчысы Эркин Сыдыкова кургак учук боюнча кенен маалымат берди.

Оорулуу адам чүчкүргɵндɵ, жɵтɵлгɵндɵ какырык менен кургак учук бактериясы бɵлүнүп чыгып, соо адамдын организмине кирет.

ϴпкɵдɵн курч кармаган кургак учук оорусу 2 түргɵ бɵлүнɵт: ачык жана жабык түрү.

Акыркы 2 жылга салыштырмалуу кɵрсɵткүчтɵр боюнча алсак, жабык түрү боюнча 2020-жылга 19 учур катталган болсо, 2021-жылга 21 учур катталган. Ал эми кургак учук оорусунун ачык түрү боюнча 2020-жылы 4 учур катталган болсо, 2021-жылы 6 учур катталган.

Ачык түрү менен ооруган адам жөтөлөндө какырык шилекей, чүчкүргөн маалда микроб абага чыгып жайылат. Оорулуу адам жерге түкүрөндө топуракта, айлана-чөйрөдө көп убакытка чейин сакталып турат.

Кургак учук ɵпкɵнү гана эмес башка органдарды да жабыркатат: сɵɵк, муун, тери, бɵйрɵк, ичеги-карын, нерв системасы кɵз жана башка органдарды жабыркатат.

Эгер сизде же сиздин жакындарыңызда тɵмɵндɵгүдɵй белгилер байкалса:

— Эки жумадан ашык жɵтɵлүү;

— Түнкүсүн тердɵɵ;

— Дене табынын жогорулашы;

— Табиттин жоголушу;

— Салмактын азайышы;

— Алсыздык, чарчоо пайда болсо, анда жашаган жери боюнча ҮДТ, ФАПка кайрылуу зарыл.

Кургак учук диагнозун тактоо үчүн:

— Медициналык кызматкерлеринин кеңешин алуу;

— ҮДТ, ФАПга барып, какырыкты изилдɵɵгɵ тапшыруу;

— Кɵкүрɵк клеткасынын органдарын рентген же флюроография апараттарынан ɵтүү зарыл.

Кургак учукту дарылоо мөнөтү алты айдан кем эмес убакытка созулат. Дарыланууну үзгүлтүккɵ учуратуу же дарыланууну ɵз алдынча токтотуп коюу менен, дарыланышы татаал жана узакка созула турган (2 жылга чейин) кургак учуктун дарыга туруктуу оор түрүнүн ɵнүгүшүнɵ алып келебиз. Стационардык же үй шартында (амбулатордук) дарылоону дарыгер бейтап менен биргеликте дайындайт. Кургак учукту үй шартында (амбулатордук) дарылоо бейтапка кɵнүмүш жашоосун улантууга, коомчулукта болууга мүмкүнчүлүк берет. Оорукана ичиндеги кургак учуктун оор түрлɵрүнүн жугуу коркунучун азайтат.

Кургак учук — социалдык оорулардын катарына кирген дарт. Себеби, оорунун пайда болуусуна адамдын жашоо шартынын деңгеээли түздɵн- түз таасирин тийгизет. Алсак, күнүмдүк жашоодо микробактериялар аба аркылуу 90% адамдын организмине кирет. Бирок алардын ичинен жашоо шарты начар, тамактануусунун сапаты тɵмɵн, иммунитети начар адамдардын кургак учук оорусу менен ооруп калуу мүмкүнчүлүгү жогору болот. Ошондуктан, ооруну жуктуруп алуу коркунучун азайтуу максатында:

— Сапаттуу толук кандуу тамактануу;

— Жашоо шарттын деңгээлин кɵтɵрүү;

— Тазалыкты дайыма сактоо;

— Оорунун белгилери байкалган учурда ɵз убагында дарыгерге кайрылуу;

— Сергек жашоо эрежелерин аткаруу;

— Спирт ичимдиктерин пайдаланбоо;

— Тамеки чекпɵɵ;

— Спорт менен машыгуу керек.

24-март — Бүткүл дүйнɵлүк кургак учукка каршы күрɵшү күнүнɵ карата 1 айлык жарыяланып, райондо бул дартты алдын алуу боюнча иш-аракеттер жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE