Пример HTML-страницы

Ат-Башыдагы А.Керимбаев атындагы мектептин көмүрканасы урап, отканасы авариялык абалда турган. Маселе кандай чечилип жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районундагы А.Керимбаев атындагы орто мектебинин көмүрканасынын жоктугунан бир дагы тоголок көмүр түшө элек.

Айылдык кеңештин депутаты Ырыс Мөндүрбаеванын айтымында, мектептин көмүрканасы урап калган. Отказан да авариялык абалда.

«Ат-Башы айылындагы Абдыралы Керимбаев атындагы орто мектебинде бир дагы тоголок көмүр жок. Отказан авариялык абалда. Депутаттар 6 млн 900 миң сом бөлүп бергенбиз. Мага эң эле кызыгы, жогорку жактарга кандай отчёт берип жатышат, билбейм», — деди ал.

Ат-Башы районунун акиминин экинчи орун басары Жылдыз Жантелиеванын айтымында, Ат-Башы районунда 21 мектеп, 22 бала бакча, анын ичинен 2 мектеп электр энергиясы менен жылытылат. Калган 19 мектеп отказан менен жылытылат.

«Учурда 2 мектебибиз көйгөй болуп жаткан. Бири — Керималиев атындагы орто мектеби. Бирок анын маселеси чечилип, оңдоо иштери жүрдү.

Ал эми А.Керимбаев атындагы орто мектебинде тендер маселесинен улам кечеңдөө жүрүп жатат. Бул боюнча кат менен дагы кайрылып жаттык. Депуттар август айында 6 млн 900 миң сом акча бөлүп беришкен. Бир дагы фирма тендерге катышпай койду. Үчүнчү жолу тендер жарыяланганда бир фирма утуп, экинчи этабына өтүп жатат. Кышка карата даярдык иштерин жүргүзүп, үзгүлтүккө учуратпоо үчүн мурунку отказанды эле жасап жатабыз. Көмүркана урап түшүп калган. Ал жагы каражатка такалып турган. Бул дагы тендер маселесинен улам салынбай турган. Бул мектепке 70 тонна көмүр түшүп жатат. Эми дагы көмүр келет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE