Пример HTML-страницы

Ат-Башыдагы 23,9 млн сомдук бала бакчанын курулушу 7 жылга созулду

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылындагы «Казыбек-Жеткинчек» бала бакчасынын имаратынын курулуш иштери уланып жатат.

Аймактык кабарчынын маалыматы боюнча, имарат 2021-жылы сентябрь айында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилмек. Бирок курулуш иштери созулуп жатат. Имарат 125 орунга ылайыкталып, 0,75 гектарда жайгашкан.

Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Орозбек Солтобаевдин айтымында, курулуш 2022-жылдын декабрь айында бүткөрүлүүсү күтүлүп жатат.

«2015-жылы мамлекеттик бюджеттин капиталдык салымдар беренесинен 3 млн сом бөлүнүп, мамлекеттик планга киргизилген. 2015-жылы июль айында Каржы министрлиги тарабынан тендер жарыяланган. Тендерде курулуш фирмасы 23,9 млн сом менен утуп алган. Ошол жылы октябрь-ноябрь айларында пайдубалы түптөлүп, 1 жаңы трансформатор коюлган. 2016-2018-жылдары акча бөлүнбөй, курулуш иши токтоп калган. 2018-2020-жылдары тендердеги суралган акча же 23,9 млн сом толук бөлүнгөн», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE