Пример HTML-страницы

Ат-Башыда мас абалында унаа башкарып, жол кырсыкка кабылды делген жетекчинин кызматтык абалы каралмай болду

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районундагы жол кырсык боюнча ишти райондук ички иштер бөлүмүнөн облустук ички иштер бөлүмүнө которуу өтүнүчү менен Айнагүл Бекбоева башкы прокурорго кайрылды.

  • 14-сентябрда Ат-Башы айылындагы «Чатыр-Көл» кинотеатрында башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана башкалар Ат-Башы районунун эли менен жолукту.

Жолугушууда Нарын районунун Байзак айылынан келген Айнагүл Бекбоева: «2022-жылдын 1-сентябрь түнү райондук сугат тармактар башкармалыгынын жетекчиси М.Ж. мас абалында унаа башкарып бара жатып, оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Ал унаада менин уулум болгон. Учурда ал Ат-Башы райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми М.Ж. жазаланбай, кызматта иштеп жүрөт. Азыр күнөөнү уулум Канат Бакытбековго оодарганга аракет жасалып жатат.

50:02-52:14 мүнөттөн баштап көрүү керек.

Жалпы 3 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ушул ишти райондук ички иштер бөлүмүнөн облустук ички иштер бөлүмүнө которуп берүүңүздөрдү суранам», — деди ал.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев ишти облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берүүнү жана аталган жетекчинин кызматтык абалын кароону тапшырды.

Буга чейин Ат-Башы районундагы жол кырсыкта 4 адам жаракат алгандыгы айтылган. Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылдын 1-сентябрында саат 23:50 чамасында Бишкек—Нарын —Торугарт унаа жолунда Нарын районунун 1992-жылы туулган тургуну Б.К. «Volvo » үлгүсүндөгү унаасы менен Нарын шаарын көздөй бара жатып, Ат-Башы районунун 1965-жылы туулган тургуну М.Ж.нын башкаруусундагы «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүлөрү — Ат-Башы районунун тургундары — 1973-жылы туулган М.Н., 1965-жылы туулган Э.Т., 1986-жылы туулган Н.Т. Ат-Башы райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө, ал эми айдоочу М.Ж. хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE