Пример HTML-страницы

Ат-Башы районундагы мергенчи Кубанычбек Сатаев аңчылардын көйгөйүн айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushКубанычбек Сатаев мергенчиликке бала кезинен кызыгып, ууга чыгып келет. Ал карышкыр күч алып, элди чыгымга учуратып жатканын айтат.

Каарманыбыз 1983-жылы Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

«Мергенчиликке бала кезимден кызыгам. Ат-Башы районунда карышкыр көп болуп, малга зыян келтирип жаткандыктан, малчыларга жардам берип, ууга чыгып келе жатабыз. Мергенчилик тактыкты талап кылат. Таңкы саат 04:00дөн баштап талаалап жүрөбүз. Бардык чыгымдар өз чөнтөгүбүздөн кетет, 35-40 лит күйүүчү май куябыз. Мындан ташкары унаалардын дагы тетиктери бузулат. Арпанын талаасынан карышкыр кубалап жүрүп, бир унаабыздын бир тетиги бузулду.

Мамлекет тарабынан карышкыр атууга сыйлык акы 4500 сом деп жүрөт. Ал азап менен алынат. Кээде алынбай дагы калат. Келсе дагы бир жылдан кийин келет, келбесе жок. Ок-дары үчүн эч кимден жардам жок», — деди ал.

Каарманыбыз жамаат менен 100дөн ашык чөө аткан.

«Азыркы учурда Арпа жайлоосунда чыгым көп, күнүгө мал жеп жатат. Өзгөрүш, Талды-Суу айылдарынын аймагында дагы көп болууда. Негизи бир кишинин колунан эч нерсе келбейт. Жамаат менен чыгабыз. Көпчүлүк карышкырды Руслан деген бала атып жатат.

Чөө атууга акыркы 3 жылдан бери жамаат менен чыгып жатабыз. Коён, кыргоолдорду жок кылып коет экен. Быйыл 3-4 чөө аттык, башка жылдарга караганда азыраак болуп калды», — деди мергенчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE