Пример HTML-страницы

Араванда картошка айдоо иши башталды. Дыйкандар мол түшүм күтүп жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусуна караштуу Араван районда жазгы талаа иштери башталып, Нурабад айыл өкмөтүндө картошка айдалды. Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылы план боюнча Араван районунда жалпы 1 миң 707 гектар жерге картошка айдалат. Бул көрсөткүч өткөн 2022-жылга салыштырмалуу 100 гектарга көп.

«Араванда жазгы талаа иштери 21-февралдан тарта башталды. Бүгүнкү күндө болжол менен 120-130 гектар жерге картошка эгилди. Аравандык дыйкандар көбүнчө картошканын «Агата» сортун өстүрөт. 60-65 күндө бышып, сатыкка чыгат. План боюнча болжолдуу 1 миң 707 гектар жерге эгебиз. Быйыл картошка 100 гектарга көп айдалышы күтүлүүдө. Бул жылы өткөн жылдагыдан кеч эгилди. Былтыр февралдын орто чечинде баштаганбыз. Быйыл кар калың жаап, түшүм мол болот деп үмүт кылып жатабыз. Азырынча үшүк алып кетүү коркунучу жок», — деп айтылат маалыматта.

Араван районунда 2022-жылы картошка 15-февралдан баштап эгиле баштаган.

Быйыл айдоо иштери кеч башталгандыктан түшүм жыйноо 15-20 күнгө кеч болушу күтүлөт.

  • Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы 2021-жылы 9-10-апрелде кар жаап, эгиндерди үшүк алып, анын кесепетинен Тепе-Коргон, Нурабад, Салтанаткан Юсупова, Чек-Абад жана Алля Анаров айыл өкмөттөрүндөгү дыйкандар 14 млн сомдук зыян тартканын билдирген. Ал эми Ош облусу боюнча үшүктөн келтирилген зыян 17 миллион 900 сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE