Пример HTML-страницы

Алтын-Ордо конушунда былтыр курулган ФАПты кара кулпу кайтарып турат

Акыркы жанылыктар

TurmushАлтын-Ордо конушундагы жаӊы курулган ФАП иштебей, кара кулпу кайтарып турат. Бул тууралуу аталган конуштун квартал башчысы Нурбүбү Торобекова президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев Сокулук районунун эли менен жолуккан учурунда айтты.

Анын маалыматына караганда, Алтын-Ордо конушунда 2,5 миӊ түтүн бар. Алардын 80 пайызы жер тилкесине болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларын алышкан.

«Бизде таза суу көйгөй жаратып жатат. Эл өз күчү менен жана айыл өкмөттүн жардамы менен таза суу тартып алган. Бирок, таза суу айылдын жарымына жетип, жарымына жетпей жатат. Бул таза сууну айыл өкмөттүн балансына өткөрөлү деп жатабыз.

Экинчи маселе, 2022-жылдын ноябрь айында ФАП курулган. Ал тургай ачылыш аземи болгон. Бирок, азыркы күнгө чейин кара кулпу кайтарып турат. Бул боюнча тиешелүү жактарга кайрылганбыз. Ушул апрелдин ортосунда ачылат дешкен. Бирок ачыла элек. Эгер ФАП ачыла турган болсо, Поле-Чудес, Алтын-Ордо конуштарынын тургундары ошол жерге каттамак. Себеби, биз бир ийне алуу үчүн ооруканага барабыз. 100 сомдон ашык каражат жол киреге кетет.

Ошондой эле Алтын-Ордо конушунда 17 жыл мурун тургузулган жыгач мамылар кулайын деп калды. Ошолорду жаңыртып беришсе», — деди ал.

Жолугушууда ФАПТын документтери жана айрым курулуш иштери толук бүтө электиги айтылды.

Ал эми Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Нурболот Мурзакматов ФАПты май айынын башы менен документтерин алууга аракет кыларын убада кылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE