Пример HTML-страницы

Аламүдүндө жоголгон малчынын денеси табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushАламүдүн районуна Лубяное айылында жоголгон 37 жаштагы малчы О.С.нын денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта күбөлөр кабарлашты.

Ал эми ӨКМдин маалыматына караганда, жоголгон кишинин кийимдерин туугандары Чу суусунун жээгинен таап алышкан.

«Маалыматтын негизинде 7 куткаруучу саат 9:20да чыгып, саат 10:15те жетип издөө иштерин башташкан. Куткаруучулар Чу суусунун жээги менен батышты көздөй 3 км аралыкта издөө иштерин жүргүзүшкөн. Издөө иштеринин натыйжасында жансыз денеси табылып, ИИМ кызмакерлерине өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE