Пример HTML-страницы

Алайда жүк ташыган унаа 85 койду тебелеп кеткен. Кырсыктын чоо-жайы белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолундагы кырсыктан 85 кой өлүп, 20дан ашык кой жабыркады. Бул тууралууу Turmush басылмасына Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, чабандар койлорду жайлоодон айдап келе жаткан. Койлор Кара-Суу районунун тургундарына таандык болгон.

Ал эми Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жүк ташыган унааны чет өлкөлүк жаран башкарып бара жаткан.

2023-жылдын 21-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында Алай РИИБге Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолунда оор жүк ташуучу унаа жолдо бара жаткан койлорду сүзүп кеткендиги боюнча кабар келип түшкөн. Аталган факты Алай РИИБдин маалыматтык-электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 1968-жылы туулган чет өлкөлүк жаран өзүнүн башкаруусундагы оор жүк ташуучу «Хово» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там жолунун 97-чакырымында жолдун оң тарабына чыккан койлорду сүзүп кеткендиги аныкталган. Анын кесепетинен 85 баш кой тебеленгени такталды.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Буга чейин Turmush Ош облусунун Алай районунда ондогон койду оор жүк ташуучу унаа тебелеп кеткенин жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE