Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын Баетов жана Кайыңды-Булак айылдарына таза суу киргизилет

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районунда көп жылдардан бери таза суу таңкыстыгы жаралып келген Баетов жана Кайыңды-Булак айылдарына таза суу киргизилет. Бул тууралуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Улан Шерипбеков билдирди.

АРИСтин «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу» долбоорунун өкүлдөрү келип, Баетов жана Кайыңды-Булак айылдарында калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында ишке ашырылып жаткан долбоор боюнча коомдук угуу өткөрүштү.

«Жакынкы 2 айдын ичинде тендер өткөрүлүп, куруучу подрядчик аныкталгандан кийин курулуш иштери башталат. Кийинки жумадан баштап Баетов жана Кайыңды-Булак айылдарында кызыл сызыктарды аныктоо иштери жүргүзүлөт. Курулуш иштерин ишке ашыруу мөөнөтү 18 айга созулат. Таза суу курулушунун наркы азырынча белгисиз», — деди У.Шерипбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE