Пример HTML-страницы

Ак-Талаадагы Жаңы-Талап айылына 4,1 млн сомго кичи футбол аянтчасы курулууда

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Жаңы-Талап айылында кичи футбол аянтчасы курулууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тоголок Молдо айылдык кеңешинин төрагасы Жекшенбек Турдубековдун айтымында, аталган айылга кичи футболдук аянтча куруу үчүн дем берүүчү гранттан 3 млн сом, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 1 млн 150 миң сом каралган. Жалпы наркы 4 млн 150 сомду түзгөн футбол аянтчасынын курулуш иштерин «СК Райн» жоопкерчилиги чектелген коому аткарып жатат.

  • Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «СК Райн» жоопкерчилиги чектелген коому 2021-жылдын 1-мартта каттоодон өткөн. Жетекчиси — Тунис уулу Тилек. Ишмердүүлүгүнүн түрү: Турак жай жана турак жай эмес имараттарды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE