Пример HTML-страницы

Ак-Талаада аркан тартыш жана чуркоо боюнча мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды (тизме)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы мекеме-ишкана кызматкерлери спорттун аркан тартыш жана жөө жарыш түрү боюнча мелдешке чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 7-апрель — Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы, райондук жалпы практикалык дарыгерлер борбору жана райондук спорт инструктору тарабынан мекеме-ишкана кызматкерлеринин арасында спорттук мелдештер өткөрүлдү.

Анда жөө жарыш боюнча кыз-келиндер Тайлак баатырдын эстелигинен тарта Дөрбөлжүн аянтына чейин, ал эми мырзалар Баетов айылынын батыш тарабындагы кире беришинен тарта Дөрбөлжүн аянтына чейин жарышка түшүштү. Ошондой эле жалпы дарыгерлик практикалык борбору тарабынан жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында медициналык текшерүүлөр өткөрүлдү.

Кыз-келиндер арасында узун аралыкка чуркоо боюнча олжолуу орунга ээ болгондор:

— 1-орун — Жалпы практикалык дарыгерлер борборунун кызматкери Мимоза Абдылдабекова;

— 2-орун — Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими Айсулуу Өмүркан кызы;

— 3-орун — Жалпы практикалык дарыгерлер борборунун кызматкери Айжан Жолдошбекова.

Аркан тартыш боюнча олжолуу орунга ээ болгондор:

— 1-орун —Райондук электр тармагы ишканасынын командасы;

— 2-орун — «Тынчтык» бала бакчасынын командасы;

— 3-орун — Маданият бөлүмүнүн командасы.

Мырзалар арасында узун аралыкка чуркоо боюнча олжолуу орунга ээ болгондор:

— 1-орун — Аскер комиссариатынын кызматкери Самат Бейшенов;

— 2-орун — Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин мугалими Чынболот Эсенгулов;

— 3-орун — Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими Адилет Эсенбай уулу.

Аркан тартыш боюнча олжолуу орунга ээ болгондор:

— 1-орун — Райондук электр тармагы ишканасынын командасы;

— 2-орун — «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин командасы;

— 3-орун — Райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын командасы.

Жеңүүчүлөргө акчалай байгелер жана дипломдор тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE