Пример HTML-страницы

Ак-Талаада өткөн майрамдык иш-чаралардан фоторепортаж

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда 21-март — Нооруз майрамы өзгөчө салтанат менен белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

20-21-март күндөрү Баетов айылында «Арыба кыргызымдын нарктуулугу» аттуу маданий иш-чара өттү.

Алгач «Жеңиш» сейил багында 7 боз үй тигилип, 7 казан сүмөлөк бышырылды. Ошондой эле, аркан тартыш жана таяк тартыш оюндары өткөрүлүп, райондук маданият бөлүмү тарабынан концерт тартууланды.

21-март күнү улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, «Бозо» жана «Сүмөлөк» фестивалы, «Мыкты боз үй» сынагы өткөрүлүп, сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи белгиленди.

Баетов айылында өткөрүлгөн «Ыр майрам» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Мындан тышкары, ак-талаалык ырчылар тарабынан чоң программадагы концерт тартууланды.

Андан сырткары, айрым маданият өкүлдөрүнө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин сыйлыктары, Жумамүдүн Шералиев атындагы төш белги, Кыргыз Республикасынын президентинин Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, Баетов, Тоголок Молдо жана Кара-Бүргөн айыл өкмөттөрүнүн сыйлыктары тапшырылды.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE