Пример HTML-страницы

Ак-Суу районундагы элге сүмөлөк таратылды

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунун Теплоключенка айылындагы Кыдыр аке атындагы борбордук аянтта Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага жергиликтүү эл катышты. Райондук маданият үйүнүн кызматкерлери театралдаштырылган концерттик программа тартуулашты. Аким Мунарбек Насиров жалпы элди майрамы менен куттуктады. Нооруз майрамына келгендерге салтка айланган сүмөлөк таратылды.

Ошондой эле Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата көргөзмө уюштурулду.

Ал эми эртең, 21-март күнү Нооруз майрамы ар бир айыл өкмөттө белгиленет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE