Пример HTML-страницы

Ак-Сай айылында өрттөнүп кеткен канаттууларды жок кылуу иштери жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы ок атуу учурунда өлгөн мал-жандыктарды көмүү жумуштары аткарылып жатат. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жумушту Ветеринардык кызматтын Баткен райондук ветеринардык башкармалыгы жүргүзүп жатат. Анда тооктор, иттер жана башка жандыктарды тазалоо, көмүү жумуштары жүрүп жатат.

Буга чейин Ак-Сай айылына куралдуу кол салуудан улам ишкер Матиса Надиров каза тапканы маалымдалган. Тажикстандын аскерлери анын канаттуулар фермасын өрттөшкөн.

Фермадагы тооктордун көбү күйүп кеткен. Быйыл ал канаттуулардын санын 50 миңге, кийинки жылы 100 миңге жеткирүүнү пландаган.

Жубайы Айсалкындын айтымында, Матиса Надиров Новосибирск шаарындагы жогорку окуу жайды аяктаган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунда Матиса Надиров канаттуулар фермасын карап калган. Чарбада аны менен кошо куруучулар жүргөн. Бирок Надиров аларды коопсуз жерге жөнөтүп жиберген.

Саат 11:25 чамасында жубайына телефон чалып, аны менен коштошкон. Бул анын акыркы жолу сүйлөшкөнү болгон.

Матиса Надиров моюнунан жана курсагынан жаракат алып (атылган), жашоого мүмкүн болбой калган. Ишкердин жансыз денесин жакындары эртеси, 17-сентябрда табышкан.

Чарба жумурткаларды «Ак-Сай» маркасы менен чыгарган. Продукциялар коңшу айылдарга жана райондорго жөнөтүлүп турчу. Надировдордун үй-бүлөсү «декалб» породасындагы тоокторду багышкан.

Матиса Надировдун артында 4 баласы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE