Пример HTML-страницы

Айнура Кенжеева чет өлкөгө кетүүдөн баш тартып, айылда иш орундарын түзүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунун Кара-Булак айылынын 37 жаштагы тургуну Айнура Кенжеева 10 жылдан бери чеберчиликти аркалап келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, азыркы учурда 6 кыз-келинди жумуш менен камсыздап, атайын тигүү цехин ачкан. Эл сыяктуу киреше кем-каржыдан артпай калган учурда баарын жыйнаштырып, миграцияга камданган. Ошол учурда коомдук уюмдардын жардамы менен атайын окутуудан өтүп, кайтарымсыз тигүү машиналарына ээ болгон. 1 жыл аралыгында жакшы эле кирешеге чыгып калды. Анын өндүргөн товарлары жергиликтүү базарларда, дүкөндөрдө кенен тараган. Буйрутмалар да тынымсыз түшүп турат.

«10 жылдан бери курак курап иштейм. Энелер «курактын ниети жакшы» деп коюшат. Анткени курактан калдык чыкпайт, куралып кете берет. Ошондуктан илгери кыз бергенде куралып кетсин, жашоосу улансын деп курак кошо берген экен. Манас бабабыз деле кыргыз элин ар жерден чогултуп кураган экен. Бул да ушундай да эч калдыксыз материалдар куралып кете берет.

Акыркы 3 жылда куракка болгон талап жогорулады. Кыз бергенде сөзсүз курак төшөк кошо беришет. Мындан улам биздеги товарларга болгон буйрутмалар көбөйдү. Кыздарды жумушка алдым. Бирөө каптайт, экөө курак курайт. Жолдошум болсо оймолорду кыркып берет, үтүк басат. Мурда жалгыз иштеп жүргөндө киреше тириликке араң эле жетип, артпайт болчу. Азыр кудайга шүгүр, кыздарга акы төлөп берем», — деди ал.

Каарманыбыз учурда 6 баланын апасы.

«Ушундай колдоолор болсо, жаштар иш менен камсыз болсо, миграцияга кеткендер кыскарат эле. Миграцияга кеткен ата-эне балдарын тууганына, бир жакынына таштап кетет. Балдар кароосуз калат. Канчалаган энелер кусалыкта чет жакта иштеп жүрөт. Менде да тигүүчүлүктөн тапкан акча 6 балага жетпей баштаганда баарын жыйыштырып, чет өлкөдө иштеп келүүгө камындым. Анан акысыз 2 тигүү машинасын акысыз алдык. 1 жыл болуп калды, жакшы эле кирешеге чыгып алдык. Алдыда дагы да цехти кеңейтип жумушчу орундарды түзөлү деп жатабыз», — деди чебер айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE