Пример HTML-страницы

Абактагы эки жигит асынган абалда табылды

Акыркы жанылыктар

Turmush14 жаштагы Айдай Кочкорованын өлүмүнө айыпталып кармалган эки жигит Ош шаарындагы СИЗО-5 мекемесинде өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Turmush басылмасына булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, алардын жансыз денеси убактылуу кармоочу жайда асынган абалда табылган.

Кичинчерээк Turmush басылмасына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов билдиргендей, эки айыпталуучунун жансыз денеси бүгүн, 4-декабрда саат 01:50дө табылган.

Кылмыш иш боюнча 4 адамга айып тагылып, иштин материалдары Кадамжай райондук сотунун кароосуна жөнөтүлгөн. Үч айыпталуучу соттун чечими менен Ош шаарындагы СИЗО-5 мекемесине, төртүнчү айыпталуучу — өспүрүм бала Жалал-Абад шаарындагы СИЗО-53 мекемесине которулган.

Эки айыпталуучунун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзгөндө жаракаттар аныкталган жок. Бул факт боюнча материалдар каттоого алынып, Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу кызматы текшерүү жүргүзүп жатат.

Муну менен катар эле атайын прокуратура Ош шаарындагы СИЗО-5 мекемесинин кызмат адамдарына текшерүү жүргүзүүдө.

———————

30-ноябрда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы Исхак-Полотхан айыл аймагында (мурдагы Халмион) 9-класстагы окуучу Айдай Кочкорованын өлүмү боюнча ишти тергөө аяктаганын, иш Кадамжай райондук сотуна өткөрүлгөнүн билдирген.

Окуя тууралуу:

2022-жылдын 4-сентябрда Кадамжай районунда 9-класстын окуучусу киши колдуу болуп көз жумганы кабарланган.

4-сентябрда Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош—Раззаков унаа жолунун 146-чакырымында өзүнүн малын багып жүрүп, сел өтүүчү тоннелдин ичинде белгисиз кыздын жансыз денеси жатканын көрүп, «112» кызматына кабар берген. Окуя болгон жерди кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп, киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгисиз кыздын жансыз денеси табылган. Ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну — 2008-жылы туулган К.А. экендиги аныкталган.

  • Жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (алсыз абалдагы адамды же баланы өлтүрүү) менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары — 1997-жылы туулган М.Ш., 1995-жылы туулган Г.Д. жана 1998-жылы туулган А. уулу С., андан кийин 11-класстын окуучусу кармалган.

  • Айдайдын ата-энеси Москвада иштеп жүрүшкөн. Кыз таенесинин колунда жүргөн. Ата-энеси бул иш боюнча катуу жаза колдонулушу керектигин айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE