Пример HTML-страницы

7 баланын энеси Зарима Токтосунова «Эне даңкы» медалы менен сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынын тургуну Зарима Токтосунова жолдошу менен бирге 2 уул, 5 кызды тарбиялап жатышат.

Ал 1984-жылы 10-ноябрда Ош шаарында төрөлгөн.

«Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында чоңойдум. Жолдошум Полотов Кубанычбек Пазылович 1979-жылы 1-январда Өзгөн районунун Кош-Этер айылында туулуп, ошол жерде өскөн. Биз 2000-жылы ата-энелерибиздин каалоосу менен баш кошконбуз. Азыр 7 баланын, тактап айтканда 2 уул, 5 кыздын ата-энеси болдук. Кудайга шүгүр.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүрдүм. Бирок, кесибим боюнча иштеген жокмун. Казакстанда жолдошум экөөбүз 3 балалуу болгуча иштеп, анан Бишкекке көчүп келдик. «Быйыл «Эне даңкы» медалын алдым, буюрса «Баатыр эне» төш белгисин кийинки жылы алам. Менин ийгиликтерим жолдошум, балдарым, бактылуу үй-бүлөм деп эсептейм», — деди ал.

Каарманыбыз жолдошу менен бирге түтүн булатып жашап келе жатканына 22 жыл болду.

«Биздин, жолдошум экөөбүздүн турмуш курганыбызга 22 жыл болду. Айтканга оңой, бирок ар кандай сыноолор болду. Бирде ыйлап, бирде күлүп дегендей. Кээде дүлөй, кээде сокур болуп коюу керек деп айтышат го. Сабырдуулук гана бактылуу үй-бүлө курууга чоӊ күч берет. Балдарыбызга татыктуу тарбия бергенге аракет кылабыз. Бул ар бир ата-эненин эле каалоосу, тилеги. Балдарыбыз бактылуу болсо, бизда бактылуу.

Үй-бүлөбүздө кызыктуу окуялар көп эле болот. Жакында эле 2 жаштагы Ариана кызымдын бала бакчага кабыл алуу кезеги келиптир. Анан алып бардым. Тарбиячы кызымдын өздүгүн тактап жазайын деди. Мындан улуу Айлин деген кызым бар. Ошонун аты-жөнүн жаздырып коюптурмун. Тарбиячы кызымды Айлин десе, карабай коюптур. Мен кийин ойлонуп, «апей, муну Ариана деп жаздырам деп, ката жаздыртып алыптырмын» дедим.

Эң бактылуу күндөрүм — ар бир жарык күндү көрсөткөн Аллахтын күнү, балдарымдын күлкүсү, үй-бүлөмдүн толуктугу, ар бир баламдын жарык дүйнөгө келгендиги. Кайгырганым — өлкөбүздө, дүйнөдө болуп жаткан окуялар. Ар бир үй-бүлөдө, Кыргызстаныбызда жана дүйнөдө тынчтык болсун», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE