Пример HTML-страницы

7 адамдын өмүрү кыйылды: Кыргыз-өзбек чек арасындагы үрөй учурган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Айдаркен шаарынын Чечме айылындагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 7 адам каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, жол кырсыктан 16 адам жабыркады. Ошондой эле жол кырсык болгон жерде 5 адам, ооруканага бара жатканда дагы 2 адам көз жумду. Жабыркаган 2 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Ал эми 5 адам ооруканага жаткырылды, алардын абалы турукутуу оор деп бааланууда.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, «Шакман» («Shacman») үлгүсүндөгү оор жүк ташыган унаанын (трал) тормоз системасы иштебей калгандыктан «Чечме унаа жолу» өткөрүү жайында жыйналып турган жарандарды жана токтоп турган унааларды сүзүп, өтүп кеткен.

Жерине Баткен ОИИБдин жана Кадамжай РИИБдин ыкчам тергөө тобу барды. Бул факт Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

  • «Чечме унаа жолу» көзмөл-өткөрмө пункту Өзбекстандын Сох району менен чектешкен жерде жайгашкан.

Буга чейин ӨКМ Чечме айылында жайгашкан «Чечме» өткөрмө постунда «КамАЗ» оор жүк ташуучу унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып, өткөрүү постунда жайгашкан имаратты жана токтоп турган унааларды сүзгөнүн билдирген.

Окуя болгон жерге ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучу тартылды.

Жүк ташыган унаанын айдоочусу Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан.

  • «Чечме унаа жолу» көзмөл-өткөрмө пункту Өзбекстандын Сох району менен чектешкен жерде жайгашкан.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE