Пример HTML-страницы

4 жылга көзөмөлгө алынган өгөй ата өкүмдү жокко чыгарууну суранды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда жашы жете элек кызды — өгөй кызын зордуктоого айыпталган Мадаминбек Мадаминов 4 жылга пробациялык көзөмөлгө алынып, эркиндигинен ажыраткан жазадан бошотулду. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-февралда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.

Маалымат жыйынга Мадаминбек Мадаминов жана Жалал-Абад шаарынын тургуну Мухая Игамбердиева келип, президент Садыр Жапаровго, Жалал-Абад облустук прокуратурасына, сотко жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына ыраазычылык билдиришти.

«Мен куруу доомат менен 2020-жылы камалып калып, 2023-жылы 30-январда бошондукка чыктым. Жалал-Абад облустук прокурорлорго, Жалал-Абад облустук сотуна, Жалал-Абад обулстук ички иштер башкармалыгына ыраазылык билдирем. Бирок бир аз маселе болуп жатат. Мени куруу дооматтар менен каматкан адамдар менин үстүмдөн дагы ар кайсы жактарга кайрылып, тынчымыды алып, тынчтыгымды бузуп жатышат. Мүмкүнчүлүк болсо алардын аракетин мыйзам чегинде карап коюуңуздарды суранам. Мен 4 жылга пробациялык көзөмөл менен чыктым. Ошол чечимди жок кылып берүүңүздөрдү суранам. Башкы прокурордон мага карата чыккан чечимди жокко чыгарып берүүсүн өтүнөм», — деди Мадаминов.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Мухая Игамбердиева да Мадаминбек Мадаминовго тынчтык бербей жаткандарга мыйзам чегинде чара колдонуп берүүнү суранды.

————————————————-

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2 жыл мурда өгөй кызын зордуктоого шектелип кармалган жарандын жакындары АКИпресс-Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында өлкө башчысына кайрылуу жолдошкон болчу.

Жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү катары кармалган жарандын жубайы Гүлсара Жоробаева республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунан чыккан корутундуга ылайык, жолдошу ак экендигин айткан. Ал кызын башка жигит зордуктаганын, ал көз жарганын билдирген.

Маалыматты толугу менен бул шилтеме аркылуу окуңуз.

Буга чейин Turmush аталган кыздын апасы райондук ички иштер бөлүмүнүн алдында өзүн өрттөөгө аракет жасап, милиция кызматкерлери токтотуп калышканын жазган.

2021-жылдын январь айынын башында Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы бул окуя боюнча маалымат берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE