Пример HTML-страницы

18 жаштагы Акбермет тамактын түрүн жасап, конокторду таң кылтырып келет

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Акбермет Эрмекова 1 жылга жетпеген убакытта ашпозчулуктун сырын мыкты өздөштүрүүгө жетишти. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

Эрмекова Акбермет Эрмековна 2003-жылдын 23-июлунда Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында туулган туулган. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын улуусу. Учурда Каракол шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде каржы жана насыя факультетинде 1-курста билим алууда. Окуудан сырткары ашпозчулук сырын өздөштүрүп жаткандыгын айтат.

«Ашпозчулук менен алектенгениме 8-9 ай болду. Ашпозчу болуп акча табам деген ойго да келген эмес. Студент болгондон тарта ашкана сырларына кызыга баштадым. Негизи ар бир аялзатынын бир таланты ашканада эмеспи. Ар бир үйдө тойлор болот. Үйүнө конок чакырып жаткандар, меймандарын өзгөчө тамактар менен узатууну каалагандар бизди чакырышат. Анткени биз кызматыбызды так жана жоопкерчиликтүү аткарып, коноктордун да, үй ээсинин да купулуна толуп, тойдун көркүн ачууга аракет кылабыз. Ар бир тамак, салат оригиналдуу. Бирок көпчүлүк билбеген ингредиенттер деле колдонулбайт. Ошондой болсо да жөнөкөй азык-түлүк менен өзгөчө жана даамдуу кылып жасайбыз», — деди ал.

Акберметтин кызматы тойлордо кишинин санына жараша болот. Мисалы, 20-25 кишиге 7000 жана андан жогору 70 кишиге чейин 10-12 миң сом акы алат.

«Менюга 4-5 түр салат кирет. Биринчи тамак, экинчи тамак, тоок, балык, жемиш кесиндиси, 3-4 закуска кирет. Бардыгы кардардын көңүлүнө жана тандоосуна жараша жасалат. Көбүнчө өзүбүз ойлоп тапкан тамактар болгондуктан «фирменный» деп аталат», — деди ал.

Каарманыбыз учурда Италия жана Европанын ашкана сырларына кызыгып, аларды үйрөнүп, изденүүнүн үстүндө жүргөндүгүн билдирди. Кардарларды социалдык баракчасы аркылуу табат. Анын тамагын бир тойдо ооз тийгендер, кийинки тойго чакырып келишет. Ошондой эле анын канча жашка чыккандыгын уккандар таң калбай коюшпарын айтат.

«Көпчүлүк кардарлар жашым 18де экенин угуп таң калышат. «18 жашта гана экенсиң. Ушунун баарын кантип жасайсың?» деп суроо узатышат. Менин оюмча адам изденүүнүн үстүндө болсо гана ийгиликке жетишет. Дайым жаңы нерселерди үйрөнүп турууга аракет кылам», — деп сөзүн жыйынтыктады Акбермет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE