Пример HTML-страницы

11 баланын энеси — 38 жаштагы Ү.Кулназарова көп балалуу болуу кандай экенин айтып берди

Акыркы жанылыктар

Turmush11 баланын энеси Үмүт Кулназарова менен аймактык кабарчы маектешти. Ал 2024-жылдын 10-мартында Кемин райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун төрөт бөлүмүндө 12-баласын жарык дүйнөгө алып келген.

Каарманыбыз 1986-жылы 13-январда Токтогул районунда төрөлгөн.

«Өзүм 6 бир тууганмын, 2 кыз, 4 уул. Жолдошум 5 бир тууган. Ал 1982-жылы 9-августта Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында туулган.

Мен өзүм бала кезимен эле көп балалуу болгум келчү. Жолдошум дагы мектепте окуп жүргөндө 10 балалуу болом деп айта берчү экен. Ал экөөбүз 1,5 жыл сүйлөшүп, андан кийин баш коштук. Ошол кезде дагы экөөбүз 10 балалуу болобуз деп айта берчүбүз. Кудай жаштын тилегин берет дейт, бул тилегибиз орундалды. Кудайга шүгүр, балдарыбыз биздин байлыгыбыз, бактыбыз!

Азыр келиндер алсыз, төрөт маалында кыйналып калышууда. Бирок, Кудайым берген баладан баш тартпай, жарыкка алып келүү үчүн аракет кылдык. Баланы бергенде, ырыскысы менен кошо берет экен», — деди ал.

Жакында эле көз жарган баатыр эне 12-төрөттү башынан кечирди. Буга чейин анын бир кызы чарчап калган.

«Улуу кызым Айпери 2004-жылы туулган. Андан кийин 2005-жылы төрөлгөн Айдай деген кызыбыз бар болчу. Ал кызым чарчап калган. Андан кийинки уулум Исламбек 2006-жылы төрөлгөн. Акылай 2008-жылы, Расул 2020-жылы, Азимбек 2012-жылы, Айсезим 2013-жылы, Рамазан 2015-жылы, Айбике 2017-жылы, Аниса 2019-жылы, Амина 2021-жылы төрөлсө, быйыл 2024-жылы Камила аттуу кызым жарык дүйнөгө келди.

Көп балалуу үй-бүлөнүн балдары абдан ынтымактуу, жароокер болушат. Үй жумуштарын чогуу жасайбыз. Ар биринин мүнөзү бар. Бири шайыр, бири токтоо. Улуулары менен кеңешип сүйлөшөбүз. Келечекте балдарымды үйлөнтүп, кыздарымды турмушка узатып, неберелердин бактысына бөлөнсөк дейбиз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE