Пример HTML-страницы

Өзүнүн түрмөдөн чыккан жээни кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 27-март күнү Баткенде милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиевдин өлтүрүлүшү боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы

Маалыматка караганда, бүгүн саат 11:17 чамасында Баткен ОИИБге Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө көкүрөгүнөн жаракат алып жеткирилген Аскарали Мухамадиевдин каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн. Милициянын ыкчам тергөө тобу ал жерге барып, Баткен ОИИБдин башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиевдин жансыз денесин белгисиз адамдар «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө таштап кетишкендигин такташкан. Бул факты Баткен ШИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектелип мурда бир нече жолу жолу соттолуп, жакында кылмыш жазасынан бошоп келген Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 34 жаштагы тургуну Н.С. Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында качып жүргөн жеринен кармалды. Ал маркум А.М.нын жээни экендиги такталды. Ал маркумду учтуу нерсе менен көкүрөккө сайган. Кылмышка шектелген адамдын шериктери да кармалды. Азыркы күндө алынган учтуу зат боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиев 47 жашында дүйнө салганын кабарлаган.

Маалыматка караганда, Аскарали Мухамадиев 1974-жылы 20-апрель күнү Баткен районунун Достук айылында төрөлгөн. Ал милициянын катарына 26 жашында 2000-жылы кабыл алынып, үзүрлүү эмгектенип келген.

Андан кийин Аскарали Мухамадиевди өлтүрүүгө шектелген адам кармалганы белгилүү болгон.

Алдын ала маалыматка караганда, ага кол салуу кечээ, 26-мартта кафеде болгон. Аскарали Мухамадиев менен кылмышка шектүү С.Нурбектин (1988-жылы туулган) ортосунда кайым айтышуу болгон. С.Нурбек Баткен шаарынын тургуну. Ал чыр учурунда Аскарали Мухамадиевди бычак менен сайып жиберген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE