Пример HTML-страницы

«Өлүктөр столдун үстүндө эле жатчу»: Еврейлерден билим алган дарыгер М.Орозобекова мурун окутуу кандай жүргөнүн айтып берди

TurmushНарын облустук бириктирилген ооруканасынын диагностикалык кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Майрам Орозобекова 28 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келе жатат.

Майрам Орозобекова 1975-жылы 6-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз айылында туулган. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо факультетин аяктаган.

«Мен мектепте окуп жүргөндө мугалим болгум келчү. Бирок маңдайыма ушул кесип жазылыптыр. Дарыгер болуума атам багыт берген. Мектептен кийин 3 окуу жайга өттүм. Бирок медакадемияны тандап калдым. Биздин убакта өлүктөр столдун үстүндө эле жатчу. Азыр таза, жакшы шартта окушат экен. Биз дарыга чыланган өлүк менен иштечүбүз. Ар бир органды карап окучубуз.

Өлүктү дезинфекциялоочу дарылардын жытын ашыкча жыттасаң, ашказаның ооруйт. Көзүңөн жаш агат, мурун кургайт. Жөнөкөй эле бир тамырды таппай калсак, мугалим: «мен келгиче тапкыла» деп сыртыбыздан бекитип кетчү. Бизди еврей эже-агайлар окутту. Окугандар дагы, окубагандар дагы болду.1-курста 16 студент болчубуз. Ошонун ичинен жетөө бүттү. Башында ыйлачубуз. Көрсө мугалимдер бизге жакшы билим бериптир», — деди ал

Үй-бүлө менен жумушту бирдей алып келе жаткан дарыгер айым учурдагы кызматы жөнүндө айтып берди.

«Окуу жайды аяктаганда жумуш дароо чыга калган жок. Бишкектеги №4 поликлиникада калыбына келтирүү бөлүмүндө бөлүм башчы болуп иштедим. Ортодо декретке чыктым. Жолдошум иштери боюнча Нарынга которулгандыгына байланыштуу Нарын шаарына келип калдык. Нарын облустук ооруканасында терапия, инфекция бөлүмдөрүндө иштеп жүрдүм. Бир убактарда директордун дарылоо иштер боюнча орун басары болдум. Учурда диагностикалык кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келем. Бөлүм 24 саат бою иштейт. Бул жакта бөлүмдөрдүн изилдөөлөрү бүт ушул жактан өтөт. Биздин милдет — туура изилдөөлөрдү жүргүзүп, тиешелүү бөлүмдөргө жиберүү», — деди ал.

Майрам Орозобекова саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери. Жолдошу Улан Айтиев 2008-жылдан бери Нарын жылуулук ишканасынын жетекчиси болуп эмгектенип келет. 1 кыз, 2 уулу бар, улуу кызы студент, экинчи баласы Россияда спорттук академияда билим алат. Кийинки баласы мектеп окуучусу.

«Иш тажрыйбамда кызыктуу окуялар көп болот. Бул жакта жүрөгү, өпкөсү начар адамдарга кычкылтек жетишпейт. Аябай кооптуу, оор абалга түшүп калышат. Андан эптеп чыгарасың. Чыгып бара жатканда эрежелерди айтасың. Ал сөздөр ошол жерде калат. Анан үйгө кетет, дем жетпей кайра келип калат. Мындайча айтканда айрым адамдар өз өмүрүнө, ден соолугуна кайдагер.

Мен Бишкек шаарында дагы иштедим. Ал жакта ооруну алдын алып кайрылгандар көп болор эле. Бул жакта тескерисинче. Биз Кудай эмеспиз да, кантип жан сала алабыз. Өзүнө кайдыгер мамиле жасагандар көп. Байкуш элдер бир чети бул жактын жашоо шартына көнүп, өзүн таштап салганбы, билбейм. Бул жакта эң кооптуу оору — инфаркт, инсульт. Булардын эң биринчи душманы — майлуу тамак, шорпо.

Адам өтүп кетсе, өзү кеч келип калса же кабылдоо оор болсо кайсыл жерден туура эмес кылдым деп жаман болом. Мисалы, туугандарына угузуу кыйын. Ошондой убакта аябай жаман болосуң. Жакшы болуп кетсе, ыраазычылык билдирсе, ырас эле ушул жакта жүрөм дейсиң. Ооруп жаткан адам башын көтөрүп туруп кетсе, биз максатыбызга жеткен болобуз», — деди ал.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE