Пример HTML-страницы

Жылына 3 жолу түшүм жыйнаган аравандык дыйкандар буудай оруп баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Араван районунда буудай оруп-жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Пайзилла Мирзабарамов билдирди.

Анын айтымында, Араван району боюнча 4002 гектарга күзгү буудай айдалган.

«Араван районунда буудай орулуп баштады. Ушул тапта Төө-Моюн айыл өкмөтүндө буудай оруу иштери жүрүп жатат. Быйыл жаан-чачын көп болду. Ошого жараша буудайдын түшүмү жакшы болот деп күтүп жатабыз. Араван району боюнча жалпы 4 миң 2 гектар жерге күздүк буудай айдаганбыз», — деди Пайзилла Мирзабарамов.

Ош облусунун Араван, Өзгөн жана Кара-Суу райондору күзгү буудай көп айдалуучу аймактар болуп эсептелет. Өткөн 2021-жылы Араванда 1 миң 115 гектар жерге буудай айдалган болчу.

Өлкөдө Араван районунда гана жылына үч жолу түшүм жыйналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE