Пример HTML-страницы

Жумгалдагы 2 айылдык кеңештин депутаттыгына 26 аял ат салышууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун Чаек жана Көк-Ой айылдарындагы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 9-апрелде болот.

Маалым болгондой, райондук аймактык шайлоо комиссиясы 9-март түнкү 00:00 чейин талапкерлердин каттоо документтерин кабыл алышты. Анда Чаек айылдык кеңешинин 21 мандатына жалпы 47 талапкер катталды. Ал эми Көк-Ой айылдык кеңешиндеги 11 мандатка 22 талапкер катталды. Жалпы 69 талапкердин 26сы аялдар.

Учурда шайлоо комиссиясы ар бир талапкердин документтерин текшерип жатышат. 3 күндүн ичинде талапкерлердин толук тизмеси жарыяланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE