Пример HTML-страницы

Жумгалда тажик-ооган чек арасындагы согуштун ардагерлери 24 жылдык мааракелерин белгилешти

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунда тажик-ооган чек арасындагы согуштун ардагерлеринин 24 жылдык мааракелери белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган ардагерлер 1990-жылы Кыргызстандын ар кайсы аскер бөлүктөрүнөн түзүлгөн батальондун курамында алгачкы тынчтык орнотуу күчтөрү катары башка өлкөдө кызмат өтөшкөн.

1992-жылдан 1999-жылга чейин мамлекеттер аралык келишимге ылайык, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү тажик жеринде КМШнын тышкы чек арасын коргоо боюнча тапшырмаларды аткарышкан. Бир нече өлкөнүн жоокерлери тажик-ооган чек ара тилкесиндеги абалды турукташтыруу максатында катаал шарттагы тоолуу Бадахшан автономиялуу облусуна жөнөтүлгөн.

Райондо өткөн иш-чарага облустун бардык райондорунан келген ардагерлер катышты. Иш-чара райондук мамлекеттик администрациясынын алдында өтүп, 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-ооган чек ара тилкесинде КМШнын чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык, Нарын облусунан барган аскер кызматкерлери катышты.

Облустун 5 районунан 70ден ашык ардагерлерге жергиликтүү бийлик тарабынан бир катар сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы тарабынан да айрым ардагерлерге төш белгилер тапшырылып, Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан патриоттук чыгармалар тартууланды.

Жумгал районунун аймагынан 33 аскер кызматкери тажик-ооган чек арасындагы согушта 1993-жылдан 1999-жылга чейин өз милдеттерин аткарышкан. Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен «Согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» мыйзамына толукутоолор кирип, 25-февраль — тажик-ооган чек арасында тынчтыкты орнотуу күнү катары белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE