Пример HTML-страницы

Жапон ыктыярчысы үйрөткөн өнөр ысык-көлдүк Элнура Жумабаевага киреше табууга жол ачты

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Балтабай айылынын тургуну Элнура Жумабаева декреттик өргүүдө киреше табуунун жолун өздөштү. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

Э.Жумабаева 1997-жылы 22-октябрда Түп районунун Михайловка айылында туулган. Кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуусу мектепте окуп жүргөн кезинде башталган.

«Негизи сүрөт тартчумун. Сүрөттөрүмө жараталыштын кооздуктарын, табияттын укмуш кубулуштарын түшүрүп тартууну жактырам. Мектепте ар кандай сынактарга катышып, байгелүү орундарды багынта баштадым. Ошондой күндөрү айылыбызга ыктыярчы келди. Ал Япониядан келип, орусча анча-мынча гана сүйлөчү. Ыктыярчы кошунабыздын үйүндө жашагандыктан бош убактымды ал кыз менен өткөрүп, жапон элинин кол өнөрчүлүгү менен тааныштым. Ал мага илмек менен токуганды, ар кандай оюнчуктарды, буюмдарды жасоонун сырын үйрөттү. Бирок ал бат эле кайра биздин айылдан кетти. Ошондон тарта мен өз колум менен буюмдарды жасап келем», — дейт ал.

Каарманыбыз мектепти аяктагандан кийин Каракол шаарына келип, окуу жайдан билим алып баштаганда кыздарга арналган сумкаларды тигип, шурудан токуй баштаган. Андан кийин жолдошу менен баш кошуп, учурда экөө эки кызды тарбиялап жатышат. Кыздардын улуусу 3 жашта болсо, кичүүсү 1 жашка толду. Алар менен үйдө отурганда балдарга арнап атайын каражат топтоочу кутучаларды (копилка) жасоодо.

«Мышык формасындагы копилка көбүнчө балдардын туулган күнүнө карата өтөт. Туулган күн ээсинин атын да жаздыргандар бар. Ысымын, куттуктоо кошуп жасап берем. Алардын баасы 200 сомго бааланат. Бир жасаганда 10-13 кутуча жасайм. Негизи аларга гипс материалы колдонулат.

Ар бир айым гүлдү жактырат эмеспи. Мен дагы өзүм жактырган гүлдөрдү тасмадан жасайм. Учурда Айымдардын эл аралык күнүнө карата даярдап жатам. Жаздагы алгачкы майрамда айылда бул гүлдөр абдан жакшы өтөт. Анда 3 гүлдөн турган букет 100 сомго бааланат. Энелер күнүндө да гүлдөр жакшы өтөт», — дейт ал.

Элнура Жумабаева мектепте окуган бөбөктөрүнө ар кандай дубал гезиттерин тартып берип, кийизден жасап берип келет.

«Аларга үйрөтүп, алар менен чогуу жасоо мага абдан жагат. Керектүү буюмдарды Каракол шаарынан сатып келем. Келечекте кол эмгек буюмдарын саткан дүкөн ачып, ошол жерден кардарлардын каалаган буюмдарын жасап берсем деген оюм бар. Негизи кол эмгеги аял кишилерге абдан жакшы. Жакшы буюм жасаган кезде кубанып, андан эргүү алып, белекке алган балдар сүйүнгөнүн көрүп, абдан кубанам», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE