Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы тургун 8 000 доллар убадалаган аялга 1 фура сары таш берип, бирок акча ала албай калган

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн 46 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас облусунун Бакай-Ата районунун 1985-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 2021-жылдын 20-сентябрь күнү Сузак районундагы сары таш жасап сатуучу ишканадан Ю.Н. аттуу жаран «1 фура сары ташыңызды берип туруңуз, мен өзүмдүн 3 фура сары ташым менен кошо Казакстанга алып барып сатып өткөрүп, сизге 8000 АКШ долларын беремин» деп 1 фура сары ташын алып кетип, акчасын бербегендигин билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар 2022-жылдын 10-июнунда Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында окуяга шектүү жаран Таш-Көмүр шаарынын 1977-жылы туулган тургуну Ю.Н. экендиги аныкталган. Шектүү жашаган дарегин өзгөртүп, тергөөдөн изин жашырып жүргөндүгүнө байланыштуу 2022- жылдын 11-октябрында издөө иши ачылган.

Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүүнүн баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, үй камагына чыгарылган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE