Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда туристтер көп барган эс алуучу жайларда көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-июнда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында жайкы туристтик мезгилде милиция кызматкерлеринин жумушун жакшыртууга багытталган жыйын өттү.

Жыйынга Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ОИИБдин бөлүм жана кызматтарынын башчылары катышты. Жеӊишбек Абитов облус аймагындагы Сары-Челек, Арстанбап, Чычкан, Кара-Алма, Падыша-Ата сыяктуу сырткы жана ички туристтер көп барган эс алуучу жайларга көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын койду. Чет өлкөдөн келген жана ички туристтерге сылык мамиле кылып, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун кароо зарылдыгын айтты.

Ошондой эле ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан коюлган 7 багыттагы приоритеттүү тапшырмаларды аткарууга алып, ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө чакырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE