Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда темир тулпардын баасы кандай болуп жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында Россиядан ташылып келген унаалар салыштырмалуу арзан сатылууда. Turmush басылмасынын кабарчысы калаадагы муниципалдык унаа базардагы бааларды тактады.

Ар аптанын бейшемби күнү муниципалдык унаа базар ачылып, сатуучулар жана кардарлар облустун бардык район-шаарларынан, Бишкек жана Ош шаарларынан келишет.

Сатуучулардын бири Мыйзамбек мырзанын айтымында, бүгүнкү базарда майды аз сарптаган, Россиядан алынып келген унаалардын баасы бир кыйла арзандады.

«Бүгүн базарга 1998-жылы чыгарылган «Хонда Цивик» үлгүсүндөгү унаа алып келдим. Аны 260 миң сомго баалап жатам. Базарда бир ай мурдагыга салыштырмалуу унаалардын наркы арзандагандай. Көпчүлүк сатуучулар Россиядан келген унааларды алып чыгышыптыр. Ал жакта кар ээритүү үчүн туз сепкендиктен көпчүлүк унаалардын алды чирип, айрымдарынын эшиктерине чейин жетип калган. Андай унаалар сырткы көрүнүшү жана абалына карап бааланууда. Ошентсе да, базарда баалар арзандагандай. Бирок аларман жок», — деди ал.

Базардагы кардарлардын көпчүлүгү Япониядан чыгарылган унааларды сатып алып жатканы байкалды.

Баалар:

— Россиядан алынып келген 2003-жылы чыгарылган «Хонда Фит» унаасы 500 миң сомго бааланды. Кыймылдаткычынын көлөмү 1,5 сантиметр куб;

— 2002-жылы чыккан «Тойота Ист» унаасы 360 миң сом. Кыймылдаткычынын көлөмү 1,3 сантиметр куб;

— Россиядан алынып келген 2001-жылы чыгарылган «Тойота Витц» унаасы 300 миң сомго бааланды.

Базарда Россиядан келген «Лада Жигули» унааларын да көп кезиктирүүгө болот. Алардын айрымдарына Кыргызстандын номуру тагылуу болсо, көпчүлүгү транзит номур менен жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE