Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда негизги көчөлөрдүн бирин кеңейтүү үчүн жол четиндеги курулуштарды бузуп жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы Барпы-Сейил көчөсүн кеңейтүү иштеринин алкагында 56 курулуш объектиси бузулууда. Бул тууралуу Turmush басылмасына мэр Эрнисбек Ормоков билдирди.

Анын айтымында, аталган көчөгө 2016-жылы асфальт төшөлгөн. Бул жылы калган 450 метр аралыгын кеңейтүү иштери жанданды.

«Барпы-Сейил көчөсү — сырттан келген конокторду шаарга алып кирген негизги көчөлөрдүн бири. Аталган көчөнү кеңейтүү жумуштары алгач 2016-жылы жүргүзүлгөн. Бирок аягына чыккан эмес. Бул жылы көчөнүн Загорный жана Куркура көчөлөрү менен кесилишкен 450 метр аралыгын кеңейтип жатабыз. Ушул тапта көчөнүн бир бөлүгүн бузулууда. Жолду кеңейтүү үчүн 56 курулуш объектиси бузулуу алдында турат. Биз документтерди карап чыгып, бузулган курулуштар үчүн жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөп берүү жагын карап жатабыз. Ал үчүн шаар казынасынан 24,2 млн сом акча каражаты каралды. Ал эми жолду кеңейтүүгө 33 млн сом бөлүнгөн», — деди Э.Ормоков.

Учурда шаардын 1 км 100 метрге созулган Шопоков көчөсүн реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Ал үчүн 42 млн сом каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген. Аны менен катар Загорный көчөсүнүн 4 км 200 метр аралыгына асфальт төшөө үчүн 71 млн сом акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүндү. Пушкин көчөсүнүн 1 км 800 метрине асфальт төшөө үчүн 60 млн сом каралып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE