Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө салым кошкондор эскерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абадда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, калаадагы Барпы Алыкулоа атындагы драм-театрда уюштурулган иш-чарага президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган облустагы район-шаарлардын жетекчилери жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты. Эскерүү иш-чарасында сөз сүйлөгөн облус башчысы, адилеттүүлүк, эркиндик үчүн курман болгон ата-бабаларды эскерип туруу кийинки муундун милдети экенин айтты.

«1916-жылдагы улуттук боштондук үчүн күрөш жана 1917-жылдын 7-ноябрындагы Улуу Октябрь социалисттик революциясы — кыргыз мамлекетинин кайра жаралуусуна шарт түзгөн терең мааниге ээ окуялар. Андан кийинки репрессияда да кыргыз эли чоң жоготууларга учурады. Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Төрөкул Айтматов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев жана улуттук интеллигенциянын башка таанымал өкүлдөрүнө, көрүнүктүү чарба кызматкерлерине жана мамлекеттик ишмерлерге карата репрессиялар жаш кыргыз совет республикасынын өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген. Репрессия курмандыктарынын көбүнүн тагдыры бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Өткөндү эске алып, аларды жоктоп туруу биздин милдет», — деди А.Сыргабаев.

Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө репрессияда жана 1916-жылдагы Улуу Үркүндө көз жумгандарга багышталып Куран окулду.

Кыргызстандыктар 2017-жылдан бери 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белилеп келет.Бул күн тарыхтын жана дүйнөнүн өзгөрүшүнө жол ачкан Улуу Октябрь Социалисттик революциясына 2017-жылдын 7-ноябрында 100 жыл толгонунун урматына ошол кездеги президен Алмазбек Атамбаев жарлыкка кол койгон болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE