Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда Баткенден келген 400дөн ашык тургун жашап жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан улам үй-жайын таштоого аргасыз болгон баткендик тургундардан 400дөн ашууну Жалал-Абад облусунда жашоо кечирип жатышат.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркин Маматаевдин айтымында, Баткенден келгендер негизинен туугандарынын, кудаларынын үйлөрүндө жашап жатышат.

«4 район, 1 шаарда орун жайгашкан. Жалал-Абад шаарындагы “Бакыт” ден соолукту чыңдоочу борбордо 15 жаран жашап жатат. Туугандарыныкында жашап жаткан жарандар боюнча тынымсыз кабар алуулар болуп жатат. Үйлөрүнө кайтууну каалагандар үчүн да атайын унаалар даярдалган. Каалагандар болсо үйлөрүнө жеткирүүдө маселе болбойт», — дейт ал.

Жалал-Абадда убактылуу баш калкалап жаткан 407 жарандын 244үн 1 жаштан 14 жашка чейинки жаш балдар түзөт.

Баткенге жардам катары азык-түлүк, кийим-кечээ, жууркан жана башка болуп 258 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районуна 15 тонна жиберилген. Учурда дагы 13 тоннадан ашык азык-түлүк чогулду. Жакынкы күндөрү Баткенге жөнөтүлөт. Облустук штабга акчалай жардам көмөк көрсөтүп жаткандардан жалпы 2 миллион сомго жакын жыйналып, Баткен облусу боюнча ачылган атайын эсепке которулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE