Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда 89 мектептин окуучулары ЖРТдан 110 упайга жетпегени айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасында өтүүчү жалпы республикалык тестирлөөдө 89 мектептин окуучулары 110 упайга жеткен эмес. Бул боюнча облустук коллегияда айтылды.

Адегенде жыл ичинде социалдык-экономикалык багытта аткарылган иштер боюнча баяндамалар жасалды. Анда билим берүү тармагындагы абал көбүрөөк талкууга алынды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жогорку окуу жайларына өтүү үчүн мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 110 баллдык барьерди өтө албаган жагдайга кызыкты.

«Окуучулары 110 упайга жетпеген 89 мектеп бар экен. Ал мектептерде демек билим жакшы эмес. Муну азайтыңыздар», — деди ал.

Жалал-Абад облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акылбек Токтосуновдун айтымында, Аксыда 4, Ала-Букада 5, Ноокенде 5, Сузакта 10 мектеп бар.

Былтыркы окуу жылында Жалал-Абад облусунда 11-классты 11 миң 242 бүтүрүүчү аяктап, 6880 бүтүрүүчү жалпы республикалык тестке катышкан.

Облус аймагында жалпы билим берүүчү 484 мектеп бар. Анда жалпы 17 миң 272 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE