Пример HTML-страницы

Жалал-Абад облусу боюнча Аксыда балдар өлүмү көп катталган. Акимден себебин сурашты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда 2022-жылы 27 950 ымыркай төрөлүп, 1 жашка чейинки 382 баланын өлүмү катталган. Бул тууралуу кечээ, 1-февралда өткөн коллегиялык жыйында айтылды.

Президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркин Маматаевдин баяндамасына караганда, 2022-жылы балдар өлүмүнүн көрсөткүчү 37 учурга азайган.

Өлүмдүн себептери:

— перинаталдык себептерден 217 бала (2021-жылы 241);

— дем алуу органдарынын ооруларынан 72 бала ( 2021-жылы 51);

— тубаса кемтик ооруларынан 44 бала (2021-жылы 64);

— жугуштуу оорулардан 23 бала (2021-жылы 21);

— башка себептерден улам 26 бала (2021-жылы 41) чарчап калган.

Анын айтымында, балдардын өлүмү район-шаарларга алып караганда эң көп Аксы районунда катталып, балдардын өлүмү 11 учурга көбөйгөн. Ошондой эле Токтогул, Таш-Көмүр шаарында да жогорулаган.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү балдар өлүмү боюнча Аксы районунун акиминен райондогу абалды сурады.

«Бул жерде медицина кызматкерлери да тыкыр иштөөлөрү керек. Тигиндей-мындай экен деп койбошубуз керек», — деди ал.

Район акими Замирбек Сыдыков ички, сырткы миграциянын таасири болгонун айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE