Пример HTML-страницы

Жайылдын 4 спортчусу Нарын шаарында өткөн эркин күрөш боюнча турнирде байгелүү орунга ээ болушту

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарында 2006-2009-жылдары туулган улан-кыздар арасында эркин күрөш боюнча эл аралык турнир өттү.

Бул турнирге 520 жаш балбан катышты. Жайыл районунун атынан 10 спортчу катышып, төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишти:

3-орунду Жекен айылынан 30 кг салмактагы Айкыз Окенова ээледи. Машыктыруучу: Жанысаков Каныбек;

1-орунду Калинин айылынан 32 кг салмактагы Сылык Апсалбеков алды. машыктыруучу: Руслан Атакеев;

3-орунду Ак-Башат айылынан 48 кг салмактагы Ырыскелди Абдрашитов ээледи. Машыктыруучу: Руслан Атакеев;

3-орунду Бекитай айылынан 56 кг салмактагы Сайкал Актанова алды. Машыктыруучу: Жеңиш Малабаев.

Жайыл районунун балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Нуржан Сүймөналиевдин айтымында, мелдештин жеңүүчүлөрү турнирдин уюштуруучулары тарабынан эстелик медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE