Пример HTML-страницы

Жайыл районунун эмгек мигранттары Москва шаарында ай сайын ынтымак турнирин уюштурушууда

Акыркы жанылыктар

TurmushМосква шаарында Чүй облусунун Жайыл районунун эмгек мигранттары 12 футболдук команда уюштуруп, ай сайын мелдештерди өткөрүп турушат.

Москва шаарындагы Отрадное метросундагы Пестель жана Бестужев көчөлөрүндө жайгашкан эки стадиондо кыргызстандыктар футбол боюнча «Ынтымак турнирин» өткөрүштү.

Жалпысынан 12 команда катышып, алар А жана В тайпаларына бөлүнгөн. Ар бир командада 7ден оюнчу. Мелдештин жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктарга ээ болушту:

— 1-орунга 5 миң рубль;

— 2-орунга 4 миң рубль;

-3-орунга 3 миң рубль.

Ал эми «Мыкты дарбазачы», «Мыкты коргоочу», «Мыкты бомбардир» үчүн 1 миң рублден берилди.

Үстүбүздөгү жылдын жаз айларында кыргызстандыктардын арасынан футбол коомчулугу уюштурулуп, анын курамына учурда Москвада иштеп жүргөн Жайыл районунун тургундары гана кирген.

Учурда 12 команда түзүлүп, алар өздөрү келген айылдын атын алышкан: «Алексеевка», «Петропавловка», «Кызыл-Дыйкан», «Сары-Коо», «Ак-Башат», «Ново-Николаевка», «Суусамыр», «Бекитай», «Сары-Булак», «Чаловка» жана «Кара-Балта».

«Москвадагы жигиттерибиздин көбү таксист, экспедитор, сатуучу, официант, ашпозчу, куруучу жана башка жумуштарда иштешет. Арабызда профессионал футболчулар жок, ышкыбоздук деңгээлде ойнойбуз. Чет жерде жүргөндүктөн, бир эле жердештериңизди эмес, айылдагы кошуналарыңды көрүү жагымдуу жана кубанычтуу. Ынтымак турнири — бул бири-бирибизди көрүүгө, баарлашууга, мекенибизден кабар алмашууга себеп. Ар бир турнирди экиден команда кезеги менен өткөрөт, алар шерине оюнун элестетет», — дешет Жайыл районунун тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE