Пример HTML-страницы

Жайыл районунда эң мыкты айылдык мектеп, мыкты бала бакча жана мыкты шаардык мектеп аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунун билим берүү мекемелеринин 2022-2023-окуу жылына даярдоо боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды, деп жазат Turmush басылмасынын кабарчысы.

Анын айтымында, айыл жана шаар мектептери өзүнчө катышты. «Мыкты айылдык мектеп-2022» номинациясында Сосновска орто мектебинин мугалимдер жамааты биринчи орун үчүн 10 миң сом алышты. 2-орунду Ново-Николаев атындагы инновациялык орто мектеп-гимназиясы ээлеп, мугалимдер жамааты 8 мин сом алышты. 3-орунга И.Бегимкулов атындагы Тунук орто мектеби ээ болду. Бул мекемеге 5 миң сом тапшырылды.

Кошумчалай кетсек, сынакка активдүү катышкандыгы үчүн Жайыл негизги мектептин мугалимдер жамааты 2 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйланышты.

«Мыкты шаардык мектеп-2022» номинациясында 1-орунду №6 орто мектеп-гимназиясы жеңип алды. Сыйлыктын суммасы 10 миң сомду түздү. Экинчи орунду №5 орто мектептин мугалимдер жамааты ээлеп, 8 миң сом алышты. Үчүнчү орун №1 башталгыч мектепке берилип, байге 5 миң сомду түздү.

Шаар мектептеринин арасында өткөн сынакка активдүү катышкандыгы үчүн «Наристе» христиандык жалпы билим берүү мектебинин мугалимдер жамааты жана Кара-Балта шаарынын балдар чыгармачылык үйүнүн мугалимдер жамааты да акчалай сыйлык менен сыйланышты.

«Нур Бешик» бала бакчасы 2022-жылдын мыкты мектепке чейинки уюму деп табылып, эмгек жамаатка 10 000 сом сыйлык берилди. Бала бакчалар арасында 2-орунду Красновосточный айыл өкмөтүнүн «Наристе» балдарга билим берүү уюмунун педагогикалык жамааты ээлешти. Аларга 8 миң сом сыйлык берилди. Ал эми 3-орун Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу «Сары-Булак» мектепке чейинки мекемесине ыйгарылды.

Сынакка активдүү катышкандыгы үчүн «Ласточка» балдар билим берүү уюмунун педагогикалык жамаатына 2000 сом акчалай сыйлык берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE