Пример HTML-страницы

Жайыл районунда 12 айыл аймактын ордуна 7 гана айыл аймакты калтыруу сунушталууда (карта)

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстанда административдик-аймактык реформа жүрүп жатат. Анын алкагында Чүй облусунун Жайыл районунда 12 айыл аймактын базасында чоңойтулган 7 айыл аймакты түзүү пландалууда. Алардын айрымдары аталышын өзгөртөт. Бул тууралуу Жайыл районунун акиминин биринчи орун басары Асылбек Нурбеков билдирди.

«Айылдарда тургундардын жолугушуулары өтүп, айылдарды жаңы аймактарга бириктирүү маселеси талкууланууда. Бириктирүүдө жашоочулардын саны жана жердин болушу эске алынат. Учурда Калининское айылын Кара-Балта шаарынын курамына киргизүү чечими кабыл алынды. Мындай каалоону бул айылдын тургундары өздөрү билдиришкен. Ал эми кээ бир айыл аймактар ​​өз аймагын жана аталышын сактап калат. Алардын арасында Суусамыр, Сары-Коо жана Ак-Башат бар», — деди А.Нурбеков.

Анын айтымында, жакында Жайыл районунда төмөнкүдөй жаңы айыл аймактары пайда болот:

Келечек айыл аймагы. Ал үч айыл аймагын бириктирет: Сосновский, Сары-Булак жана Талды-Булак. Анын курамына алты айыл — Сосновка, Бекитай, Босо-Жол, Кайырма, Моңолдор жана Сары-Булак кирет. Административдик борбору — Сосновка айылы.

Жайыл айыл аймагы (аталышы сакталат). Ага Алексеевка, Жайыл, Калдык, Кара-Төбө айылдары жана Токтош тилкеси кирет. Административдик борбору Алексеевка айылы бойдон калат.

Кара-Суу айыл аймагы (аталышы сакталат). Анын курамына Кара-Суу, Ставрополовка, Степное айылдары кирет. Административдик борбору — Ставрополовка айылы.

Ынтымак айыл аймагы. Ал Полтава жана Кызыл-Дыйкан айыл аймактарын бириктирет. Анын курамына Малтавар, Орто-Суу, Кызыл-Дыйкан жана Петропавловка айылдары кирет. Административдик борбор Полтавка айылында жайгашат.

Красновосточный, Степнинский, Сосновский, Кызыл-Дыйкан айыл аймактарындагы айыл өкмөттөрдүн бошогон имараттарын ФАП же калкты тейлөө борборлору үчүн пайдалануу пландалууда.

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, президенттин административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча жарлыгынын аткарылышы 2023-жылдын аягына чейин эсептелген.

Жайыл району үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында республиканын өкмөтүнүн алдында өзүнүн план-долбоорун коргойт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE