Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү тургундун үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, сарайынан курал табылды. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районунда мыйзамсыз сакталган курал табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо фактысын аныктоо боюнча операция жүргүзүштү.

Кечээ, 27-февралда Түп районунун Кичи-Өрүктү айылынын 1985-жылы туулган М.М. аттуу туругунун үйүнөн тинтүү жүргүзүү учурунда анын сарайынан сактоого тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 12 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал табылып, далил зат катары алынган.

Факт Түп РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE