Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү рейдде 31 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 10 кылмышкер кармалды

Акыркы жанылыктар

Turmush13-ноябрдан 20-ноябрга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында «Арсенал» операциясы өткөрүлдү.

Анын негизги максаты — курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аларды колдонуу менен жасалган укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу.

Операция учурунда 18 уруксат берүүчү объектилер, 1000ден ашык ышкыбоз мергенчилер, 150гө жакын газ-травматикалык куралдын ээлери текшерилип, алар тараптан курал сактоо эрежелеринин сакталышы текшерилген. Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактаган 13 факты аныкталып, куралдарды сактоо жана аларды каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 34 протокол түзүлдү.

«Арсенал» операциясынын алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында мурда жасалган 31 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 10 кылмышкер кармалды жана дайынсыз жоголгон 2 жаран изделип табылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE